BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Top Story – Kyrgyz
Орусиянын жоготуулары: катардагысынан баштап, тандамал бөлүккө чейин
Ачык булактарга таянып, Би-Би-Си жана анын шериктери Украинадагы баскынчыл согушта набыт болгон орусиялык 21 700 жоокердин ысымын тактоого жетишти. Жабыр тарткандардын өсүш ылдамдыгы жогору бойдон калууда. Мында орусиялык абактан чыгарылып келип согушка салынгандардын гана эмес, бул өлкөнүн атайын адистешкен аскер бөлүктөрүнүн жоготуулары да эске алынып жатат.
Тема боюнча башка макалалар
"Британ жарандыгы бар ата керек". Иликтөөдө ашкере болгон иммиграциялык алдамчылык
Жашыруун иликтөө убагында британ паспорту бар эркектер менен кош бойлуу мигрант аялдардын ортосунда сүйлөшүп иш бүтүргөн агенттер табылды.
Түркиядагы шайлоо: талапкерлер экинчи турга бармай болду
Түркияда жекшембиде болгон президенттик шайлоодо бир да талапкер биринчи турдагы керектүү 50% добуш ала албады. Эки башкы талапкер экинчи турга барууга макул дешти.
Эрдоган алдыда, бирок биринчи турда жеңишке жетпеди
Эрдоган жыйырма жылдан бери бийликте. Бул президенттик шайлоо тарыхый мааниге ээ, анткени оппозициянын жеңип чыкканга көп жылдардан бери биринчи жолу шансы болуп турат.
Ак-Ордо 3: көрүстөн сатуу "бизнеси" дале барбы?
Бишкек мэриясы Аламүдүн району менен жер алмашып, көрүстөн үчүн 22 гектар жер алууну пландап жатат. Калаа бийлигинин маалыматына караганда, Ала-Арча тарыхый-мемориалдык көрүстөнү дээрлик толуп калды. Аталган көрүстөндө 78 жаран алдын ала ээлеп коюшкан, мындан тышкары болжолу 8 бош орун бар.
Британия Украинага 250 км алыс учкан Storm Shadow ракеталарын берет
Улуу Британия Украинага алыска учуучу канаттуу ракеталарды берген биринчи өлкө болуп калмакчы. Анда Украинанын армиясы Россия ээлеп турган аймактарга тереңдеп сокку урганга мүмкүнчүлүк алат. Британиянын коргоо министри Бен Уоллести бул билдирүүнү президент Зеленский контр чабуул баштаардан мурда көп согуштук техника керек деп айтар замат эле жасады.
Пригожин Шойгуну Бахмутка чакырды. Бахмуттагы соңку абал
Украин күчтөрү 12-майда Бахмуттун түндүк батыш тарабындагы чабуулдарында бир топ ийгиликке жеткени кабарланууда. Бул тууралуу Американын согуштарды изилдөө институту (ISW) күнүмдүк баяндамасында жазды.
Реформаторбу же автократпы? Түркиянын түрүн өзгөрткөн Эрдоган
Түркияда 14-майда боло турган президенттик шайлоодо күчтүү оппозиция менен күрөшкө чыккан Эрдогандын 20 жылдык башкаруусунун тагдыры чечилет.
Түркиядагы шайлоо: Эрдоган же Кылычдароглу. Эл кимисин тандайт?
Түркияда жекшемби күнү боло турган президенттик шайлоо жана парламенттик шайлоо үчүн чет өлкөлөрдө добуш берүү аяктады. Акыркы маалыматтарга караганда, чет өлкөдө шайлоочулардын активдүүлүгү 2011-жылдан берки шайлоолорго салыштырмалуу эң жогорку деңгээлге жетти.
“Агай”. Руслан Акун: Чыныгы каармандардын укмуш эмгектерин көрүп ыйладым...
Сериал даяр болду, тармактагы кемчиликтердин көбү, тескери мамиле, көз караштар ашкереленди. Көрүп олтуруп баш каармандардай жаратман, эмгекчил болгусу келген мугалимдердин жоон тобу пайда болду. Эми ушунча эмгектен кийин чындап өзгөрүү болобу, баарынын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылган сериалдан тармактагы чечим кабыл алчулар жыйынтык чыгарышабы деген суроо кабыргасынан туруп калды
"Манастын" руху": Өзбекстандагы кыргыздардын өркөнү жана өксүгү
Өзбекстандагы этникалык кыргыздар жашаган "Манас" айылына барган Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул жакта кыргыздардын жашоо шартын жакшыртууга соңку убакта өкмөт тарабынан жакшы шарттар көрүлүп жатканына кубанып жаткан чакта, кыргыздардын саны өспөй, кайра азайып баратканы, кыргыз тилдүү мектептердин, класстардын кыскарып жатканына алардын өздөрү да анча кабатыр эмес экени байкалат.
Сириядан кайткандар: “жаңы жашоо баштагыбыз келет”
Соңку беш жылда Борбор Азия өлкөлөрү кезинде согуштук аймактар эсептелген Сирия жана Иракка кетип калган жарандарын кайтаруу менен алек болду. Бирок бул өлкөлөрдө кайтарылган жарандарды реабилитациялап, кайра коомго кайтаруу аракеттери ар башка жүрүүдө.
БУУ: Афганистан - аялдарга дүйнөдөгү эң катаал өлкө
БУУ талибдер башкарып турган Афганистан аялдарга дүйнөдөгү эң катаал өлкө болуп калды деп билдирди. Талибан бийликке келген он сегиз айдан бери аялдар иш жүзүндө үйүндө камалып отурат.
Мугалим да миллиондоп каржылап коё алат. Эжейлердин эмгеги эл таразасында
Белгилүү кинорежиссер Руслан Акун тарткан "Агай" теле сериалы агартуу тармагы, мугалимдин орду, жаратмандыгы деген теманы дагы бир жолу козгоду. Айрымдар кези келсе эми алдыңкы эжейлердин эмгегин тасмага тартыш керек деп жатат. Тасманын баш каарманы болгон айтылуу агартуучу Гапыр Мадаминовдун эмгегинин үзүрү эле миллондогон сомду үнөмдөп, андан көбүн жаштарга инвестиция кылып койгонун жаңы министр Каныбек Иманалиев парламент трибунасында туруп айтты.
Оорудан, кордуктан, зомбулуктан жана жокчулуктан сактагысы келген кыргыз айымдары
Би-Би-Си Кыргыз кызматы 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата ар кыл тармакта топ жарып келе жаткан кыргызстандык айымдардын ишинин эң урунтуу учурларын баяндайт.
Алтын, күмүш эле эмес, тагдырдын сыноосун жеңген спортчулар...
3-4-март күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн эл аралык мелдеште “Кыргыз Азиздер федерациясынын” негиздөөчүсү Гүлназ Жүзбаева алтын медаль алса, Айтунук Жоомарт кызы күмүш медаль тагынды.
Дарыгер: Өспүрүм эне башканы эмес, өзүн да карай албай калат...
Биз бүгүн өспүрүм кезинде турмушка чыгып, жаш тайынан эне болуп, бир топ мезгил жолдошунун зомбулугуна чыдап, кийин өз алдынгча жашоону тандаган Мээримди кепке тарттык.
Жаа атуу спорту- ден соолук үчүн да абдан пайдалуу
Кыргыздар байыртан эле жаа атуунун чебери болгон. Салттуу жаа атуу Көчмөндөр оюндарынын программасына киргени менен Кыргызстанда олимпиадалык же классикалык жаа атуу спортуна соңку жылдары гана көңүл бурулууда. Жаа атуу спорту, анын ден соолукка пайдасы, бул спорттун келечеги жана көйгөйлөрү туурасында жаа атуу федерациянын президенти, Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, "Билимкана" фондунун директору Эльнура Осмоналиева айтып берди.
Түркиядагы шайлоо: Оппозиция Эрдогандын жалгыз атаандашы катары Кылычдароглуну тандады
Түркиянын көп учурларда жиктелип кала берчү оппозициялык партиялары 2023-жылы май айындагы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоганга каршы таймаша турган бирдиктүү талапкер катары Кемал Кылычдароглуну тандоого жетишти.
Облустук гезиттердин тагдыры кылдын учунда
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм, жаштар саясаты министрлиги облустук гезиттерди жоюу жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду. Ошентип өткөн кылымда согуш жылдарында да чыгып келген облустук гезиттер биротоло жабылуу алдында турат.
Оштогу милициянын кайрылуусу ИИМдеги алешемдикти ашкереледиби?
Ош облусунда милиция кызматкери жетекчилик тарабынан куугунтукка кабылганын айтып, президентке кайрылды. Учурда прокуратура менен ИИМдин ички иликтөө кызматы текшерүү жүргүзүп жатат.
Кыргызстандагы адам укугу: бир кадам алдыга же арткабы?
Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш 2022-жыл үчүн отчетун жарыялады. Анда кеңеш былтыр кабыл алган чечимдеринин 94% ишке ашканын билдирет. “Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин мүчөсү катары Кыргызстан мындан ары дагы адам укуктары боюнча координациялык кеңештин” алкагында адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыздоо механизмдерин жакшыртууну улантат”,- делет отчетто.
Жогорку-Нарын ГЭС каскадына кезектеги инвестор табылды
Британиялык жеке менчик компания Жогорку-Нарын ГЭС каскадын курууга белсенип жатат. Кыргызстандын Энергетика министрлиги ал компания “MINDDOCK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments” экенин тактап, бул туурасында меморандумга кол коюлганын да билдирди.
АКШнын Борбор Азиядагы саясаты: жаңы кайрыктар
Албетте, Блинкендин бул чөлкөмгө алгачкы сапары болгон менен Америка региондун тышкы иштер министрлери менен “5+1” форматында биринчи ирет жолугуп жатканы жок. Дипломатиялык консультациялардын бири, буга чейин мындай форматта жолугушуулар болуп келген. Бирок бул жолку кеңешме жаңы кырдаалда, орус-украин согушу экинчи жылга аяк басып, дүйнөлүк масштабдагы чоң окуялардын, орус-украин согушуна себеп-натыйжалу байланыштагы жагдайлардын контекстинде мааниси өзгөчө. Орус-украин согушу дүйнөдөгү кырдаалды өзгөртүүчү жаңы процесстерге жол ачты жана эски тенденциялардын айрымдарын күчөттү.
Блинкендин Борбор Азияга сапары Москвада шек жаратпай койбойт
Вашингтондун өкүлү "бул сапардын максаты АКШ ишенимдүү шерик экенин көрсөтүү, Борбор Азия экономикасындагы кыйынчылыкты көрүп турабыз”, - деп айтты. АКШнын жогорку кызмат өкүлүнүн Борбордук Азия өлкөлөрүнө сапары Россиянын Батыш менен мамилеси ырбап, курчуган мезгилде болуп жатат.
“Соодада достук жок”: Россия Кыргызстан аркылуу товар ташып жатабы?
Батыштын катаал санкцияларына кабылган Россия жана Беларус үчүнчү өлкөлөр аркылуу соодасын жүргүзүп жатканы айтылууда. Мындай учурда Кыргызстан абдан кылдат болушу керек дешет адистер.
Укмуш кооз гүлдүн соолуганы мени катуу ойго салчу... Короосун гүлзар кылган Илхомбек
Өзгөндүк ишкер жазды чакырып, жайнаган, бажырайган гүлдөрүн белендеди. Ызгарлуу кыштан кийин жазды күткөндөргө бул ого бетер эргүү тартуулап тургандай. Ал Голландияга чейин барып, гүлдүн сырын үйрөнүүгө белсенүүдө. Би-Би-Си камеранын көзүн ишкердин гүлзарына көздөй бурду...
Айдоочулук укуктан ажыратуу, эселеп көбөйгөн айып пул айдоочулук маданиятты оңдой алабы?
Бир аптадан кийин Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга мурдагыга салыштырмалуу күчөтүлгөн чаралар колдонула баштайт. Жол кырсыктарын азайтуу максатында мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө президент Садыр Жапаров кол койду.
"Байдын баласы бошоп, кедей баласы кесилген заман"
"Элдин укугу чектелип, адилетсиз чечимдер чыгып атат. Коррупция күчөп атат. Байдын баласы бошосо, кедейдин баласын камап атышат. Кичинекей балдарды зордуктагандар эркиндикте жүрөт, ал эми өз оюн айтып койгон активисттер камакта”, - дейт Атыр Абдракматова.
"Миллиардерлерге аңчылык". Эмне үчүн Кытайда ишкерлер дайынсыз жоголуп жатышат жана Си Цзинпиндин саясаты эмнеге кептеши мүмкүн?
2023-жылы февралда Кытайда жогорку технологиялык ишкерлик жаатында далдал ишкер болгон ортомчусу Бао Фан дайынсыз жоголуп кетти. Бул окуя жакынкы кездери Кытайда салыштырмалуу улам кайталанган көрүнүшкө – миллиардерлердин ың-жыңсыз жоголушу көйгөйүнө дагы бир жолу көңүл бурдурду.
Биринчи жолу: Cогуш башталгандан бери Блинкен менен Лавров сүйлөштү
АКШнын мамлекеттик катчысы менен Орусиянын ТИМ башчысы Делиде өткөн “Чоң жыйырмалыктын” (G20) тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында 10 мүнөткө жакын сүйлөштү.
Дрон чабуулу. Орусияда дрондордун үстөккө-босток соккусу эмнеден кабар берет?
Дрондордун Орусиянын бир катар аймактарына үстөккө-босток чабуулу – Кремлдеги режимдин Украинага толук өлчөмдө басып кирүү далаалаты башталгандан берки эң чоң окуялардын бири болду.
Иранда мектепке жибербеш үчүн ууландырылган 650 кыз
Би-Би-Си Иранда 650 окуучу кыздын ууландырылганын иликтеп аныктап чыкты. Өкмөттүн чоң кызматтагы чиновниги өзү дагы кыздар атайын эле бутага алынганын айтууда.
Беларус "партизандары" орусиянын өтө маанилүү "учуучу радарына" чабуул койдубу?
Беларус активисттери 26-февралда Минсктин жанындагы аскерий аэродромдо диверсия болгонун жарыялашты. Натыйжада А-50 алыстан аныктоочу радиолокациялык учагын зыянга учуратышканын билдиришкен. Чын бышыгы кандай? Бул Украинада согушуп жаткан орус армиясы үчүн эмнени билдирет?
Наланда: Дүйнөнү өзгөрткөн университет. Ал Оксфорддон 500 жыл мурун болгон
Оксфорд университети негизделгенге чейин 500 жылдан ашык убакыт мурда эле Индиянын Наланда университетинде тогуз миллион китеп бар болчу жана бул окуу жай дүйнөнүн булуң-бурчунан 10 000 студентти өзүнө тартууга жетишкен.
Жомоктон “жоголгон” түрү сууктар менен семиздер...
Улуу Британияда белгилүү балдар жазуучусу Роалд Далдын жомокторунун кайрадан басылып чыгышы чоң талкуу жаратты. Басмакана жомокторду редакциялоону чечип, каармандарды кемсинткен мүнөздөмөлөрдү алып салдык деп ойлогон. Көпчүлүк жазуучулар, атүгүл премьер-министр Риши Сунак да бул өзгөртүүлөргө каршы.
Шойгуга тиш кайраган Пригожин: "Суровикин башкарып турганда, ок-дары жагынан эч кандай көйгөй чыккан эмес"
"Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын (ЖАКтын, б.а. жоочулар тобунун) негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен Орусиянын Коргоо министрлигинин ортосундагы чыр жаңы баскычка чыкты. Өз жоочулары үчүн ок-дарылардын таңкыстыгы маселесин көшөгө артында чече албай койгон Пригожин эми Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга каршы коомдук өнөктүк баштады. Бул өнөктүктө Пригожин мырза эң көп сандагы тилектештердин, – Чеченстандын башчысынан 2014-жылдан бери Украинанын чыгышында согушуп жаткандарга чейинки кишилердин, – колдоосун алууга далаалат кылып жатат.
Байден НАТОнун биримдигин мактады, Путин Батышты согуш баштады деп айыптады
Россиянын лидери Батышты айыптап, орус армиясы эч качан жеңилбейт деп опурулуп турганда, Байден анын баскынчылык аракети ишке ашпайт деп жатат.
Кытай Орусияга жардам сунуштап жатабы?
Кытай Орусияга аскердик чалгындоо, ошондой эле экономикалык колдоо көрсөтө алат.
"Путин Украинаны жок кыла албады, бирок Россияны жок кылган жагынан ашып түштү".
Украинадагы миллиондогон адамдарды азапка салган согуштун бир жылдыгы жөнүндө Би-Би-Синин Орус кызматынын кабарчысынын ой-толгоосу.
Алтымыштын белесиндеги чыгаан тарыхчы
Заманбап кыргыз тарых илимине улам жаңы архивдик табылгаларын киргизип, кажыбас мээнети менен зор салым кошуп жаткан тарыхчы, публицист, журналист, профессор, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кыяс Молдокасымов 60 жашка толду. Ал тууралуу кесиптеши жана үзөңгүлөшү Тынчтыкбек Чоротегин баяндайт
Унутулган Холокост: "Бизди эмне үчүн кырышты?"
Холокост учурунда нацисттер 11 миллиондон ашуун адамды, анын ичинде алты миллион жөөттү өлтүрүшкөн. Согуш учурунда цыгандар да - маргиналдуу көчмөндөрдүн бир тобу - кыйноолорго дуушар болушкан. Алардын Европада жашаган калкынын дээрлик төрттөн бир бөлүгү жок кылынган, атүгүл ондогон жылдардан кийин да алардын азап-тозогу жөнүндө көптөр билбейт.
Токсон боолуу өзбек менен кырк уруу кыргыз алакасы
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерин мухиттин ар жагындагы Америкага жана башка Европа өлкөлөрүнө караганда кеч, 1993-жылы гана түздү. 1996-жылы декабрда “Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук” жөнүндө келишим түзүлгөн. Чын-чынына келгенде түбөлүк достук эки тараптан тең сезилген жок.
Ыйса жаткырылган акыр жана наристе бакчасы
Таалим-тарбия мекемелеринин баштапкы түрү – наристе бакчалары Батыш Европада XIX кылымдын ортосунда пайда боло баштаган. “Наристе бакчасы” (орусча “ясли”) сөзү өзүнүн келип чыгышы боюнча Ыйса төрөлгөн доорду элестеткен уламышка байланаарын билдиңиз беле? Тарыхчынын кезектеги блогу айрым сөз таануу көйгөйлөрүнө арналат.
Жасалма Күн. Жаңы доорго башат болчу өзөктүк ширелүү жөнүндө
Америкалык окумуштуулар өзөктүк ширелүүгө негизделген электр ишканасын жаратуу нугунда өзгөчө олуттуу, – ал түгүл жаңы доорго башат ачкан, – окуя жүзөгө ашты, деп АКШ бийликтери 2022-жылдын 13-декабрында шардана кылышты.
Тоолуу Кыргыз областы. Арабаевдин тарыхый миссиясы
Быйыл Тоолуу Кыргыз областын түзүгөн тарыхый съездге 100 жыл толду. Айтмакчы, 1922-жылы 30-декабрда СССР түзүлгөн, демек Кыргыз автоном облусун түзүү аракети СССР түзүлгөнгө чейин алты ай мурда болгон. Дал ошол тарыхый иштердин башында тургандардын бири Ишеналы Арабаев.
Англия метеорити: Жер планетасына суу тышкарыдан келгенби?
Англияга түшкөн метеорит планетабыздагы суунун тышкаркы жактан келгени жөнүндөгү теорияны ырасташы мүмкүн
Коронавирус
Кайрадан ковид: жөтөл жана тамак оору. Вирус болушу мүмкүн
Кыргызстанда дагы ковидге кабылгандардын саны кайрадан көбөйгөнү айтылууда. 16-июлда вирус жуктуруп алгандардын саны 91ге жетти. Буга чейин жуктуруп алгандардын саны азайып, эсеп дээрлик жарыяланбай деле калган. Өткөн аптада коронавирус диагнозу коюлган 17 500 британиялыкты сурамжылоонун негизинде, оорунун негизги белгилери тамак оору жана жөтөл экендиги белгилүү болду.
Омикрондун жаңы варианты жөнүндө эмнелерди билебиз?
Учурда дүйнө жүзү боюнча катталган инфекциянын дээрлик жарымынан өтө жугуштуу омикрон варианты чыгууда. Омикрондун BA.2 субварианты мурдагыларга караганда жугуштуураак экени айтылууда, бирок анын таасири катуу болору жөнүндө азырынча жетиштүү маалыматтар жок.
Видео, Көл-Суу: Европа, АКШдан бери келип, шакек салгандар, Узактыгы 27,44
Кычыраган -32 градус сууктагы муз бийи, кайберендер, зоо арасында буркурап кайнаган самоор, көлдө сүзгөн теке сыяктуу кызыктын баарын Би-Би-Си "Сапарында" баяндайбыз
Видео, "Сапар": Британиядагы сезондук жумуштун оош-кыйыштары, Узактыгы 29,47
Британиянын фермаларына сезондук жумуштарда иштегени келген кыргызстандыктар. Алар башында Британиядагы фермаларда иштеп, кийин ал жактан кеткенин айтат. Андан соң Лондонго келип, шаарда ар кандай жумуштарда иштөөгө аргасыз болушкан. Биз аларды былтыр күз айларында кепке тарттык эле.
Видео, "Сапар": Дүйнөнү өзгөрткөн айымдар, Узактыгы 29,40
Сапар программасында Би-Би-Синин "100 айым" долбоорунун алкагында дүйнөнү өзгөрткөн айымдар тууралуу баяндайбыз.
Видео, "Сапар": Жыл жыйынтыгы, Узактыгы 29,49
2022-жылды жыйынтыктап, "Сапардын" айрым чыгарылыштарына кайрылабыз.
Видео, Би-Би-Си "Сапар": Төртүнчү дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары, Узактыгы 30,00
Төртүнчү дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары. Кыргыз улуту Көчмөндөр оюнун чоң цивилизациялык агымга киргизди.
Видео, "Сапар": Камбоджия: Кудайларды кайтаруу, Узактыгы 30,00
Камбоджия таланып кеткен байыркы эстеликтерин дүйнөлүк музейлерден талап кылууда. Кыргызстанда тарых экспанаттары кантип сакталат?

"Би-Би-Си дүрбүсүндө"
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын подкаст уктуруулары
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.